super.kg logo

Таиланд жана Вьетнам эболага карата коопсуздук чараларын күчөтүүдө

 

Түштүк-Чыгыш Азиянын бир нече өлкөлөрү Африкадагы Эбола эпидемиясына байланыштуу чек араларында кошумча санитардык чараларды күчөтүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттиктери жазышты.

Таиландда саламаттык сактоо кызматкерлери жакынкы жумаларда Конго, Угандадан жана башка кооптуулук жогору аймактардан келген жүргүнчүлөрдүн ден соолугун текшеришет. Мындан тышкары, өлкө боюнча ооруканаларга шектүү учурларды тыкыр көзөмөлгө алуу, изоляциялык палаталарды даярдоо жана медициналык кызматкерлерди атайын коргоочу костюмдар жана жабдуулар менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Индонезиянын Саламаттык сактоо министрлиги Жакарта башка өлкөлөр менен координацияны күчөтүп, өзгөчө аэропорттордо кошумча текшерүү чараларын киргизип жатканын билдирди. Вьетнам дагы ушундай кадамдарды жасап жатканы айтылды.

Буга чейин АКШ Угандага, Конго Демократиялык Республикасына жана Түштүк Суданга барган саякатчылар үчүн кошумча чараларды көрөрүн жарыялаган.

Маалымат үчүн: Эбола - өтө кооптуу вирустук инфекция болуп эсептелет. Бул вирус биринчи жолу 1976-жылы Африкада, Конго Демократиялык Республикасында жана Судан аймактарында катталган. Оорунун табигый булагы катары жарганаттар, маймылдар эсептелет. Вирус аталган жаныбарлар аркылуу адамга жугушу мүмкүн. Ал эми адамдан адамга кан, дене суюктуктары же булганган буюмдар аркылуу өтөт. Ошондуктан оорулуу адамга жакын байланышта болуу эң чоң коркунуч жаратат.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: