Кыргызстан менен Намибия кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар
Бүгүн, 22-май күнү Тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев Намибияга жасаган алгачкы расмий сапарынын алкагында Намибиянын Эл аралык байланыштар жана соода министри Сельма Ашипала-Мусави менен жолугушту.
ТИМ басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар кыргыз-намибиялык мамилелердин учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү багыттарын талкуулашты. Анда саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле эл аралык уюмдардагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери каралды.
Жолугушууда мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, айыл чарба, билим берүү, туризм жана «жашыл» энергетика тармактарындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Жээнбек Кулубаев географиялык алыстыкка карабастан, Кыргызстан менен Намибия эл аралык маселелер боюнча окшош позицияларды карманарын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкө тең саясий жана практикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















