super.kg logo

Бишкектеги ШКУ жыйынында инновация жана санариптештирүү маселеси көтөрүлдү

 

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин илим жана технологиялар министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин Онунчу жыйыны өттү.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө катышуучулар 2025-жылы Чэнду шаарында өткөн тогузунчу жыйындан кийинки илимий-техникалык саясатты ишке ашыруу маселелерин талкуулашып, илим, инновация, санариптештирүү жана технологиялык модернизация багыттары боюнча тажрыйба алмашышты.

Ошондой эле ШКУнун «Жашыл технологиялык коридорун» түзүү демилгесине өзгөчө көңүл бурулду. Демилге климаттык мониторинг, суу ресурстарын башкаруу, кайра жаралуучу энергия жана туруктуу айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары, ШКУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорунун биринчи сынагынын жыйынтыктары сунушталып, илимий уюмдар, университеттер жана изилдөө борборлорунун ортосундагы кызматташууну кеңейтүүнүн мааниси белгиленди.

Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова илим менен инновация заманбап мамлекеттин негизги стратегиялык ресурсуна айланып жатканын белгиледи.

Жыйындын соңунда тараптар мындан аркы кызматташуу багыттарын талкуулап, кийинки — Он биринчи жыйынды өткөрүү маселелерин карап чыгып, жыйынтыктоочу протоколго кол коюшту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: