Кыргызстандык жаш балбандар Азия чемпиондугунда 6 медаль алышты
Вьетнамда күрөш боюнча өтүп жаткан Азия чемпиондугунда өлкө курамасы байгелүү орундарды алууда.Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдагандай, турнир 17 жана 23 жайка чейинкилер арасында өтүүдө. Биринчилик башталганы кыргызстандык балбандар 6 медаль жеңишти. Таагыраагы, 3 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байге.
Алтын медалдын ээлери:
- Ырыскелди Хамзаев (U-23) 72 килограммга чейин.
- Эрлан Марс уулу (U-23) 82 килограммга чейин.
- Нурболот Токтогонов (U-23) 130 килограммга чейин.
Күмүш медаль ээси:
- Жеңиш Жумабеков (U-23) 97 килограммга чейин.
Коло медаль ээлери:
- Нуристан Суеркулов (U-23) 60 килограммга чейин.
- Баяман Каримов (U-23) 67 килограммга чейин.
Мелдештер 31-майга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















