Мохамед Салах “Ливерпуль” менен кош айтышты
Англиянын “Ливерпуль” клубунун чабуулчусу Мохамед Салах коргоочу Энди Робертсон экөөнүн клубдан кетиши боюнча эмоционалдуу билдирүү жасады.
“Брентфордго” каршы 1:1 эсебиндеги оюн Салах менен Робертсон үчүн “Ливерпулдагы” акыркы беттештердин бири болду.
Салах тогуз жыл ичинде Робертсон менен бирге чоң жолду басып өткөнүн айтып, көз жашын жашыра алган жок.
“Мен өмүрүмдө мынчалык көп ыйлаган эмесмин. Биз бул жерде жаштыгыбызды өткөрдүк. Клубду кайра өз ордуна алып келдик. Робертсон талаада жанын берип ойнойт, күйөрмандар аны ошон үчүн жакшы көрүшөт”,- деди Салах.
Ошондой эле ал Робертсон менен бир командада ойногону сыймык болгонун белгилеп, “Ливерпулдун” күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.
“Биз бардык нерсени жеңдик. Күйөрмандардын сүйүүсүн көрдүк - бул мен үчүн эң маанилүүсү”,- деп кошумчалады египеттик жылдыз.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















