Унаанын айнеги талкаланып... Бишкекте мас абалда мушташкандар кармалышты
Бишкекте мушташышууга шектелип 27 жаштагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар мас абалында болушкан. Аларды кармоо учурунда бирөөсү Кайгуул милициясынын кызматтык унаасынын арткы айнегин талкалаган.
Натыйжада алар милицияга жеткирилишип, бирине карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Экинчи жаран бейбаштыкка айыпталып, ага карата текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкекте мас абалда мушташкандар кармалышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















