super.kg logo

Кыргызстанда спутниктик Starlink интернети иштеп баштады 

 

Кыргызстанда спутниктик Starlink интернети жеткиликтүү боло баштады. Бул тууралуу аталган кызматтын расмий сайтындагы картасында көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан 23-майдан тарта спутниктик Starlink интернет кызматы иштей турган аймак катары белгиленген. Колдонуучулар эми сайт аркылуу өз дарегин киргизип, туташуу мүмкүнчүлүгүн текшерип жана кызматка каттала алышат.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда Starlink спутниктик интернетин ишке киргизүү акыркы этапта экени айтылган. Апрель айында Министрлер кабинети пилоттук долбоорду баштоо үчүн бардык зарыл уруксаттар алынганын билдирген.

Анда өкмөт Starlink интернети алыскы аймактарда жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоого жардам берерин белгилеген.

Starlink - бул SpaceX компаниясынын спутниктик интернет кызматы. Ал төмөн орбитадагы спутниктер тармагы аркылуу интернетке туташууга мүмкүндүк берет. Бул өзгөчө туруктуу байланыш же жогорку ылдамдыктагы интернет жок аймактар үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: