Англияда "Гарри Поттер" китебинин алгачкы нускасы 23 миң долларга сатылды
Англияда "Гарри Поттер" китебинин биринчи басылышы аукциондо 23 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аталган роман 1997-жылы басылып чыгып, болжол менен 7 долларга сатылган. Аталган китеп 30 жыл бою окулган эмес жана кутунун ичинде сакталып калган. Китептин ээси аны кокустан, үйүнүн чатырын тазалап жатып таап алган.
Аукцион адистери бул нусканы "эң мыкты сакталган экземпляр" деп баалашты, себеби китеп дээрлик идеалдуу абалда сакталып калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















