super.kg logo

Молдова КМШдан чыгуу жол-жобосун баштады

 

Молдова КМШнын негизги келишимдеринен чыгуу жол-жобосун баштады. Бул тууралуу КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев билдиргендигин орусиялык басылмалар жазышты.

Анын айтымында, Молдова Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин негизги келишимдеринен чыгуу тууралуу расмий билдирүүнү аткаруу комитетине жөнөткөн. Учурда тиешелүү процедура башталды, ал бир жылга созулат.

Ошол эле учурда Кишинев КМШ менен экономикалык кызматташтыкты сактап калууга кызыкдар экенин билдирген.

Буга чейин Молдованын президенти Майя Санду КМШны түзүү тууралуу келишимден, уставдан жана Алма-Ата декларациясынан чыгуу чечимин жактырган. Андан соң бул тууралуу КМШнын аткаруу комитетине расмий кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: