super.kg logo

Пакистан Трамптын Израил боюнча сунушун четке какты

 

Пакистан АКШнын президенти Дональд Трамп сунуштаган Израил менен мамилени нормалдаштыруу демилгесин четке какты.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Трамп Сауд Арабиясы, Катар, Пакистан, Түркия, Египет жана Иордания сыяктуу мамлекеттерди “Авраам келишимине” кошулууга чакырган. Бул аракет Иран менен болгон чыңалууну азайтуу жана ок атышууну токтотуу аракеттеринин алкагында көтөрүлгөн.

Бирок Пакистан бул сунушту ачык түрдө четке каккан жалгыз өлкө болду. Калган мамлекеттер азырынча расмий жооп бере элек.

Reuters агенттигинин пакистандык булагы: “Пакистан мындай талаптарды аткарууга милдеттүү эмес”,- деп билдирген.

Маалыматта белгиленгендей, Газадагы кырдаал жана коомдук пикирден улам көптөгөн мусулман өлкөлөрүнүн бул келишимге кошулуу ыктымалдыгы төмөн бойдон калууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: