Палестина байрагы менен сахнага чыккан студентке диплом берилбей калды
АКШнын Калифорния штатындагы университеттердин биринде бүтүрүү аземинде Палестинанын желегин көтөрүп чыккан студентке диплом берилбей калган учур катталды.
Чет элдик басылмалар жазгандай, студентке университеттин эрежелерин бузду делип, диплом берүү убактылуу токтотулган. Кийинчерээк ага желекти тапшыргандан кийин гана дипломун алууга уруксат берилген.
Бул окуя коомдо университеттердеги эрежелер, сөз эркиндиги жана саясий символдорду колдонуу маселеси боюнча талкууну жаратты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















