ДСУнун башчысы эбола вурусу күчөгөн Конгого барды
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесус эбола вирусу жайылып жаткан Конго Демократиялык Республикасына барды. Бул тууралуу ал X социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
"Бул өлкө эболаны 16 жолу жеңди, 17-жолу да четте калбайт. Бирок биз азыр жана чогуу аракет кылышыбыз керек",- деп жазды жетекчи.
ДСУнун маалыматы боюнча, Конгодо эболанын сейрек кездешүүчү түрү жайылып, 900дөн ашык шектүү учур жана 220дан ашык өлүм катталды.
Маалымат үчүн: Эбола - өтө кооптуу вирустук инфекция болуп эсептелет. Бул вирус биринчи жолу 1976-жылы Африкада, Конго Демократиялык Республикасында жана Судан аймактарында катталган. Оорунун табигый булагы катары жарганаттар, маймылдар эсептелет. Вирус аталган жаныбарлар аркылуу адамга жугушу мүмкүн. Ал эми адамдан адамга кан, дене суюктуктары же булганган буюмдар аркылуу өтөт. Ошондуктан оорулуу адамга жакын байланышта болуу эң чоң коркунуч жаратат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















