Малайзияда 16 жашка чыга элек балдарга социалдык тармактарда аккаунт ачууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.Жаңы эрежеге ылайык, Facebook, Instagram, TikTok жана YouTube сыяктуу платформалар колдонуучунун жашын текшерүү системасын киргизиши керек. Эрежени аткарбаган социалдык медиа компанияларына 2,5 миллион долларга чейин айып пул салынышы мүмкүн.
Бийлик бул чечимди жаштарды интернеттеги зыяндуу маалыматтардан коргоо максатында кабыл алган. Бул өзгөрүү өлкөдөгү болжол менен 8 миллион колдонуучуга тиешелүү.

Супер-Инфо
super.kg видео
















