super.kg logo

Өлкө боюнча акысыз концерттер: BAKAI КЫРГЫЗ ТУРду улантууда

 

BAKAI 2026-жылдын эң ири музыкалык долбоорлорунун бири болгон КЫРГЫЗ ТУРду өлкө боюнча улантууда. КЫРГЫЗ ТУР буга чейин он миңдеген көрүүчүлөрдүн башын бириктирип, өлкөбүздүн заманбап музыкалык сахнасын, жаш аткаруучуларды колдоого жана аймактардагы маданий турмушту жандандырууга багытталган жылдын эң жаркын окуяларынын бирине айланды.

Баткен жана Ош шаарларындагы алгачкы концерттер миңдеген көрүүчүлөрдү чогултуп, шаарларга чоң музыкалык фестивалдын өзгөчө маанайын тартуулады. Ош шаарындагы концертке эле 20 миңге жакын адам келип, ал өлкөнүн түштүгүндөгү сезондун эң ири маданий иш-чараларынын бири болду.

Сахнада Бегиш, Bakr, Freeman996, Баястан, Aftok, Era, 7Gen, AGA-INI, KAIBAR, Emir Aga жана башка белгилүү ата мекендик аткаруучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Концерттер көп сандагы көрүүчүлөрдү чогултуп, чыныгы музыкалык майрамдын маанайын жаратты.

Акысыз тур төмөнкү шаарларды дагы камтыйт:

  • 2-июнь - Манас
  • 8-июнь - Талас
  • 17-июнь - Нарын
  • 23-июнь - Каракол
  • 30-июнь - Бишкек

КЫРГЫЗ ТУР алкагындагы бардык концерттерге кирүү акысыз.

Уюштуруучулардын белгилөөсүндө, КЫРГЫЗ ТУР жөн гана концерттер сериясы эмес. Бул - ата мекендик музыка индустриясын жана жаш аткаруучуларды колдоо, ошондой эле аймактардагы жаштар үчүн ири маданий иш-чараларды жеткиликтүү кылуу мүмкүнчүлүгү.

КЫРГЫЗ ТУР көрүүчүлөргө жандуу эмоцияларды, жаркын аткарууларды жана сүйүктүү артисттерин жакындан көрүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Коноктор ар кандай оюндарга жана активдүүлүктөргө катышып, карта ачып, белектерди жана BAKAIдын фирмалык мерчтерин ала алышты.

Жакынкы концертке акысыз билет алуу үчүн BAKAI тиркемесин жүктөп алып, «Кызматтар» бөлүмүндөгү Tiki Tiki сервисине кирип, билетиңизди алыңыз. Билеттердин саны чектелүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: