ЖЫЛНААМА: Бүгүн XX кылымдын белгилүү актрисасы Мэрилин Монро 100 жашка чыкмак
Бүгүн, 1-июнда XX кылымдын эң белгилүү актрисаларынын бири, АКШнын секс-символу аталган Мэрилин Монро көзү тирүү болгондо 100 жашка чыкмак. Актриса 1926-жылы Норма Жин Бейкен деген ысым менен АКШнын Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн.
Мэрилин Монро Голливуддун эң белгилүү жылдыздарынын бири катары тарыхта калды. Анын сулуулугу, таланты жана өзгөчө образы миллиондогон адамдардын жүрөгүн багындырган.
Актрисанын балалык чагы жеңил болгон эмес. Ал ар кандай багып алуучу үй-бүлөлөрдө жана балдар үйлөрүндө чоңойгон. Кийин моделдик карьерасын баштап, акырындык менен кино дүйнөсүнө кадам таштаган.

Кызыктуу маалыматтар
- Популярдуулуктун алгачкы кадамдарында эле чачын сары түскө боётуп салган Монронун чыныгы чачы жээрде түстө экенин эч ким элес албай калган.
- Актрисаны 11 жолу багып алууга аракет кылышып, бирок катаал мүнөзүнөн улам кайра балдар үйүнө жеткиришкен.
- Маалыматтарга караганда, Монро мурдунун жана ээгинин түзүлүшүн өзгөртүү үчүн пластикалык операция жасаткан.
- Мэрилин Монро китеп окуганды жакшы көргөн. Анын китепканасында 400дөн ашык китеп болгон.

Мэрилин Монро 1942-жылы Жеймс Догерти аттуу адам менен баш кошуп, никеси 4 жылга созулган. Экөөнүн ажырашуусу актрисанын фотомоделдик кесипти аркалоосуна байланыштуу болгон. 1954-жылы бейсболчу Жо Ди Мажиого турмушка чыккан. Түгөйлөр 9 айдан соң үй-бүлөлүк чыр-сатактан ажырашып кетишкен. Актрисаны акыркы сапарга узатуу зыйнатына аны сүйгөн мырзалардан жалгыз гана Жо Ди Мажио келген деген маалымат бар. 1956-жылы драматург Артур Миллерге баш кошуп, 5 жыл чогуу өмүр сүргөн. Мэрилин Монро балалуу болууну кыялданып, бирок тилеги ишке ашкан эмес.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















