БУУ банкрот болуу коркунучундабы? Уюм түшүндүрмө берди
БУУга мүчө мамлекеттерди уюм алдындагы мүчөлүк төлөмдөрүн өз убагында төлөөгө чакырат. Бирок каражат толугу менен түгөнө турган так күндү айтууга азырынча мүмкүн эмес. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик билдиргендигин чет элдик басылмалар жазыщты.
Анын айтымында, уюмдун каржылык абалына байланыштуу «акыркы күн» же каражат толугу менен түгөнө турган так мөөнөт жок.
Буга чейин The Wall Street Journal гезити БУУ банкроттук коркунучуна кептелгенин жазган. Басылманын маалыматына ылайык, негизги төлөмдөрдү төлөбөй жаткан өлкөлөрдүн катарында АКШ жана Кытай бар.
БУУ азырынча ишин кадимки тартипте улантууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















