super.kg logo

Түштүк кореялык ырчы PSY түрмөгө кесилиши мүмкүн

 

Дүйнөгө белгилүү кореялык ырчы PSY (чыныгы аты Пак Чэ Сан), “Gangnam Style” аттуу хит ырынын аткаруучусу, психотроптук дарылар тууралуу мыйзамды бузган деген шек менен териштирүүгө алынууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, ырчы 2022-2025-жылдары өзүнүн менеджерин жана башка адамдарды Сеул шаарындагы ооруканалардын бирине жөнөтүп, уйкусуздук, тынчсыздануу жана депрессияны дарылоого арналган психотроптук дарыларга рецепт алдырган деп шектелүүдө. Ал эми өзү дарыгердин жеке кароосунан өтпөгөнү айтылууда.

Түштүк Кореянын мыйзамдары боюнча мындай дары-дармектерге рецепт бейтапты жеке текшерген дарыгер тарабынан гана жазылат жана аны ошол бейтаптын өзү гана пайдалана алат.

Эгер күнөөсү далилденсе, PSY бир жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: