TikTok Борбор Азиядагы үй-бүлөлөр үчүн коопсуздук боюнча мультфильмдерди чыгарды
Балдарды коргоо күнүнө карата TikTok социалдык тармагы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы ата-энелер менен өспүрүмдөр үчүн атайын билим берүүчү долбоорун ишке киргизди. Платформа улуттук тилдерде даярдалган анимациялык роликтер сериясын сунуштап, интернеттеги коопсуз жүрүм-турум эрежелерин түшүндүрүүнү максат кылууда.
Роликтерде балдарды терс таасирлерден коргоо, интернет мейкиндигинде коопсуздукту камсыз кылуу жана ата-энелер менен өспүрүмдөрдүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө боюнча кеңештер берилет.
TikTok'тун коопсуздук функцияларынын арасында ата-энелердин өз аккаунтун баласынын профилине байланыштыруу мүмкүнчүлүгү бар. Бул аркылуу колдонуу убактысын чектөөгө, комментарийлерди көзөмөлдөөгө, айрым сөздөрдү камтыган контентти жашырууга жана баланын жазылууларын текшерүүгө болот.

Платформага 13 жаштан жогорку колдонуучулар гана каттала алышат. 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн аккаунттары автоматтык түрдө жабык режимде иштейт. Алардын видеолорун жүктөп алууга же "Дуэт" функциясында колдонууга уруксат берилбейт, ал эми жеке билдирүүлөр кызматы жеткиликсиз болот. Түз эфир өткөрүү мүмкүнчүлүгү 18 жаштан жогору колдонуучулар үчүн гана каралган.
Мындан тышкары TikTok өспүрүмдөрдү кибербуллингден коргоо үчүн комментарийлерди алдын ала текшерүү функциясын сунуштайт. Колдонуучулар өздөрүнө карата жазылган терс билдирүүлөр боюнча даттануу жөнөтө алышат.
Платформа өспүрүмдөрдүн экран алдында көп убакыт өткөрүүсүн азайтуу үчүн дагы кошумча чараларды көргөн. Мисалы, 16 жашка чейинки колдонуучуларга кечки саат 22:00дөн кийин эс алуу жана уктоо тууралуу эскертүүлөр көрсөтүлүп, түнкү билдирмелер автоматтык түрдө өчүрүлөт.
TikTok өкүлдөрү белгилегендей, балдардын коопсуздугун камсыздоодо техникалык чектөөлөр гана жетишсиз. Эң маанилүү фактор – ата-эне менен баланын ортосундагы ачык жана ишенимдүү диалог. Роликтерде ата-энелер балдарынын санариптик жашоосуна кызыгып, жаңы тренддерди бирге талкуулап, интернет колдонуу эрежелерин чогуу аныктоого чакырылат. Бул өспүрүмдөрдүн жоопкерчилигин арттырып, өз ара ишенимди бекемдөөгө жардам берет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















