super.kg logo

Европа биримдиги миграция боюнча эң катаал мыйзамды жактырды

 

Европа биримдиги менен Европарламент мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган жаңы мыйзам боюнча макулдашты. Бул документ акыркы ондогон жылдардагы эң катаал миграциялык демилгелердин бири катары бааланып жатканын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, жаңы мыйзамга ылайык, ЕБ өлкөлөрү мыйзамсыз жүргөн мигранттарды үчүнчү өлкөлөрдөгү атайын депортациялык борборлорго жөнөтө алышат. Мындай борборлор ЕБден тышкары мамлекеттер менен түзүлгөн келишимдердин негизинде иштейт.

Мыйзам ошондой эле мыйзамсыз мигранттарды кармоо мөөнөтүн 6 айдан 2 жылга чейин узартууну карайт. Коопсуздукка коркунуч жараткан адамдар үчүн бул мөөнөт дагы көбөйтүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары, өлкөгө кирүүгө тыюу салуу мөөнөтү көпчүлүк учурларда 5 жылдан 10 жылга чейин узартылат.

Жаңы эрежелер полицияга мыйзамсыз мигранттарды издөө үчүн алардын жашаган жайларын текшерүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле депортация боюнча чечимдерге даттануу укугу чектелип, соттор ар бир иш боюнча өзүнчө чечим чыгарат.

ЕБ өкүлдөрү бул мыйзам мыйзамсыз миграцияны азайтып, чек араларды көзөмөлдөөнү күчөтөт деп эсептешет. Бирок адам укуктарын коргоо уюмдары жана айрым депутаттар мыйзамды катуу сынга алып, ал мигранттардын укуктарын бузушу жана үй-бүлөлөрдүн бөлүнүшүнө алып келиши мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Мыйзам жакынкы убакта расмий түрдө бекитилип, күчүнө кириши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: