3-июнга караган түнү Иран менен АКШ Ормуз кысыгынын аймагында өз ара аскердик соккуларды жасашты. Окуя ок атышууну токтотуу боюнча келишим күчүндө турган учурда болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.Маалыматка ылайык, жарылуулар Иранга караштуу Кешм аралынын аймагында катталган. Ислам революциясынын сакчылар корпусу үч ракета "душмандын аскердик объекттерине" тийгенин расмий жарыялады.
Ал эми АКШнын соккусунун негизги бутасы Ирандын аскер күчтөрүн башкаруучу жердеги борбор болгон. Вашингтон бул соккуларды Жакынкы Чыгыштагы америкалык кызыкчылыктарга каршы болгон ирандык чабуулдардын алдын алуу аракети катары түшүндүргөн.

Супер-Инфо
super.kg видео
















