super.kg logo

Пашинян: “Карабах маселесинде кабыл алынган чечим - эң чоң жетишкендигим”

 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян парламенттик шайлоонун алдында Карабах маселеси боюнча мурдагы саясаттан баш тартууну өзүнүн эң чоң жетишкендиги деп атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Шайлоочулар менен жолугушууда Пашинян Арменияны көп жылдар бою уланып келген жаңжалдын “тузагынан” чыгара алганын белгилеген. Анын айтымында, мурда өзү да “Арцах - Армения” деген позицияны карманган, бирок кийинчерээк бул маселе боюнча көз карашын өзгөрткөн.

Премьер-министрдин сөзүнө караганда, жаңжалды муундан муунга өткөрүп берүүнүн ордуна тынчтыкты камсыз кылуу зарыл экенин түшүнгөн. Ал Карабах маселесин терең изилдеп чыгып, мурдагы багытты улантуу туура эмес деген жыйынтыкка келгенин айтты.

Пашинян ошондой эле саясий чечим кабыл алуу үчүн кайраттуулук керек болгонун белгилеп, Армения мындан ары аймактагы туруктуу тынчтыкты камсыздоого багыт алышы керек экенин кошумчалады.

2023-жылдын 19-сентябрында Азербайжан Карабах аймагында аскердик операция баштап, ал бир суткага жетпеген убакытта аяктаган. Андан соң Азербайжандын президенти Ильхам Алиев өлкө өзүнүн аймактык бүтүндүгүн толугу менен калыбына келтиргенин билдирген.

Операциядан кийин, 2023-жылдын 24-сентябрынан айдын аягына чейин Карабахтан Арменияга 100 миңден ашуун адам көчүп кеткен.

Ал эми 2022-жылы Армения менен Азербайжан Орусия, АКШ жана Европа Биримдигинин ортомчулугу астында тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү башташкан. 2023-жылдын май айынын соңунда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереван Азербайжандын суверенитетин советтик доордогу чек аралардын алкагында таанууга даяр экенин билдирген. Бул позиция Карабах аймагын Азербайжандын курамындагы аймак катары кабыл алууну камтыган.

Бул билдирүү аймактагы көп жылдык жаңжалды жөнгө салуу жана туруктуу тынчтыкка жетишүү аракеттеринин маанилүү бөлүгү катары бааланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: