Трамп Ирандын жогорку лидери менен жолугушууга кызыкдар экенин билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи менен жолугушууну кааларын билдирди.
New York Post басылмасына берген маегинде Трамп келечекте мындай жолугушуу болушу мүмкүн экенин айтып, АКШ менен Ирандын жаңы жетекчилигинин ортосундагы мамилелер оң нукта өнүгүп жаткандай таасир калганын белгиледи.
Эске салсак, АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу акыркы айларда эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда болуп келет. Тараптардын ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу жарыяланганына карабастан, сүйлөшүүлөр азырынча олуттуу жыйынтык бере элек. Ошол эле учурда ортомчулар жаңы сүйлөшүүлөрдү уюштуруу аракеттерин улантууда.
Байкоочулар Трамптын билдирүүсү Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы диалогду жандандырууга багытталган саясий белги болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















