ЖЫЛНААМА: "Көк салкындагы" ролу менен таанылган актриса Кымбат Асизова 35 жашка толду
Бүгүн, 4-июнда туулган күнүн белгилеп жаткан белгилүү инсандардын катарында "Көк салкын" тасмасындагы ролу менен калың журтка таанылган актриса, блогер Кымбат Асизова да бар.

Ал 1991-жылы дал ушул күнү Бишкек шаарында туулган. Актриса музыкалык училищеде жана Искусство институтунун театр жана кино факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө окуган.
"Талас-Бишкек", "Көк салкын" тасмаларында роль жаратып, клиптерге да тартылган.

Актриса 2012-жылы клипмейкер Эрнист Сыдыковго турмушка чыгып, эки уулдуу болгон. Жубайлар 2024-жылы эки жолго түшкөнүн айтып чыгышкан.
4-июнга карата жылнаама.
Актриса Кымбат Асизова туулган
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:39
2026-05-29
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















