ЖЫЛНААМА: Жаштардын сүймөнчүгү репер Баястан 33 жашка толду
Бүгүн, 4-июнда кыргыз рэп өнөрүнүн белгилүү өкүлдөрүнүн бири Баястан 33 жашка толду.
Ырчы 1993-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө эки бир туугандын кичүүсү. Орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Орус Славян университетине окууга тапшырган.
Баястан Ботоканов чыгармачылык жолун 2008-жылы сахналаш досу Бегиш менен баштап, "Керексиң мага" аттуу ыры аркылуу элге тааныла баштаган. Ырчынын репертуарында "Эне Тил", "Балыкчы", "Жарашат", "Сени жактырам", "Керексиң мага" жана башка ырлары бар. Рэп аткаруучусу башка ырчы, рэпперлер менен да көптөгөн чыгармаларды аткарып, күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келет.
Жеке жашоосунда 2018-жылдын 11-августунда бийчи Зульфия Лансаровага баш кошкон. Учурда жубайлар 1 уул, 1 кызды тарбиялап келишет.
Баястан бүгүнкү күндө да кыргыз тилдүү рэптин өнүгүшүнө салым кошуп, жаңы чыгармалары менен күйөрмандарын кубантып келет.
4-июнга карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















