Израил Ливандын түштүгүнө аба соккуларын жасады
Израилдин аскердик-аба күчтөрү Ливандын түштүгүндөгү эки калктуу конушка сокку урду. Бул тууралуу жергиликтүү аскердик булактар маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аба чабуулдары Дейр аз-Захрани жана Шукин аймактарына жасалган. Бул окуя АКШнын ортомчулугу менен жетишилген ок атышууну токтотуу боюнча келишим тууралуу билдирүүлөрдөн кийин орун алды.
Буга чейин Вашингтондо өткөн сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасынын жыйынтыгында Ливан менен Израилдин ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишилгени жарыяланган эле. Ошол эле учурда Израилдин коргоо министри Исраэль Кац өлкө армиясы Ливандын түштүгүндөгү буфердик аймакта аскердик операцияларын улантарын билдирген.
Ливандын АКШдагы элчилиги болсо "Хезболла" кыймылы Израил менен өз ара ок атышууну токтотуу сунушуна макул болгонун, бирок чабуулдар Ливандын бардык аймагында толугу менен токтошу керектигин билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















