Зеленский Путинге ачык кат жазып, согушту токтотууну сунуштады

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен согушту токтотуу маселесин талкуулоо үчүн жеке жолугушууну сунуштап, ачык кат жолдоду.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига билдиргендей, кат дипломатиялык каналдар аркылуу расмий түрдө Путинге жеткирилет. Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кат менен таанышканын жана ал тууралуу Путинге маалымат берилерин айтты.
Песков ошондой эле Зеленский сүйлөшүүгө кызыкдар болсо, каалаган убакта Москвага келе аларын билдирген.
Катында Зеленский Путин 26 жыл мурда кызматка киришкенде Украинадагы көпчүлүк жарандар ага оң көз карашта болгонун белгилеген. Анын айтымында, азыр болсо украиналыктардын көбү Санкт-Петербург шаарында өткөн Петербург эл аралык экономикалык форуму алдында жасалган дрондук чабуулдарды оң кабыл алышууда.
"26 жыл ичинде элдер товар жүгүртүү жана кызматташтык тууралуу сүйлөшүүдөн соккулар жана жоготуулар тууралуу гана сөз кылган абалга жетти", – деп жазган Зеленский.
Ал ошондой эле эки тараптын тең жоокерлери чоң жоготууларга учураганын белгилеп, Украина туруктуу согушту каалабай турганын айткан.
"Биз Украинада түбөлүк согушту каалабайбыз. Согушсуз жашоо алда канча жакшы экенин жакшы билебиз. Биз буга жетүүнү каалайбыз. Менимче, орусиялыктардын көпчүлүгү да муну колдоого даяр жана сиз муну жакшы билесиз", – деген ал.
Зеленскийдин айтымында, Украина согушту токтотууну сунуштайт жана бул жараян жаңы жаңжалдардын чыгышына жол бербегендей шартта жүргүзүлүшү керек.
Ошондой эле ал учурда АКШ негизги көңүлүн Иран маселесине буруп жатканын айтып, Европадагы согуш маселеси эл аралык күн тартибинде экинчи планга жылып кетпеши керектигин белгилеген.
"Украина бул согушту сиз менен биздин ортобуздагы сүйлөшүүлөр аркылуу аяктоону сунуштайт. Мен сизге жолугушууну сунуштайм", – деп жазылган катта.
Бирок Зеленский Москвада жолугушуудан баш тартып, сүйлөшүүлөрдү уюштурууга Швейцария, Түркия жана араб өлкөлөрү даяр экенин билдирген. Ал ошондой эле жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө Европа өлкөлөрү да катышышы керек деген позициясын кайталады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















