Кыргызстан менен Түркия кино тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет
Кечээ, 4-июнда Кыргызстан менен Түркиянын кино тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө арналган жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкөнүн киноиндустрия жана анимация тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү, биргелешкен фильмдерди жана анимациялык долбоорлорду ишке ашыруу, адистердин тажрыйба алмашуусун өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жолугушууга маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков жана кино тармагынын жетекчилери катышты. Түркия тарабынан өлкөнүн Кино департаментинин башкы директору Бирол Гүвен жана TRT телерадиокорпорациясынын башкы директору Фаррук Гүвен жетектеген расмий делегация катышты.
Аталган иш-чара Бишкекте өтүп жаткан "Түрк кино күндөрү" маданий иш-чарасынын алкагындагы өткөрүлүп, эки өлкөнүн кино жана анимациялык өндүрүш жаатындагы кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:54
2026-06-08
18:05
2026-06-08
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















