Милициянын кайгуул кызматында санариптик планшеттер колдонулууда
Санариптештирүүнүн алкагында Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы ата-мекендик IT адистери иштеп чыккан мобилдик тиркеме орнотулган планшеттер менен камсыздалды.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлер бул планшеттерди кызмат учурунда активдүү колдонуп жатышат. Жаңы система маалыматты ыкчам текшерүүгө жана кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Планшет аркылуу кызматкерлер төмөнкү маалыматтарды дароо ала алышат:
* жарандын өздүгү жана айдоочулук күбөлүгү
* издөөдө бар же жоктугу
* автоунаанын каттоосу жана техникалык маалыматы
* айнек караңгылатууга уруксат бар-жогу
* айып пулдар жана башка административдик маалыматтар
Бул санариптик чечим жол коопсуздугун көзөмөлдөөнү жеңилдетип, маалыматтарды тез жана так алууга шарт түзөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















