super.kg logo

Ошто 5200 орундуу заманбап футбол аренасы курулат

 

Ош шаарында жаңы футбол аренасын куруу долбоору ишке ашырылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-июнда шаар мэри Жанарбек Акаев, Кыргыз футбол биримдигинин өкүлдөрү жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери курулуш жүргүзүлө турган аймак менен жеринде таанышты.

Жаңы спорттук комплекс «Ош Арена» деп аталып, 5200 көрүүчүгө ылайыкталат. Долбоорду өлкө президенти Садыр Жапаров колдоп жатканы белгиленди.

Арена спорттук мелдештерден тышкары маданий иш-чараларды өткөрүүгө да ылайыкташтырылып, шаардагы спорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле А. Момунов атындагы футбол академиясынын аймагында күйөрмандар үчүн жаңы трибуна куруу пландары да талкууланды.

Жаңы футбол аренасы келечекте республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген заманбап спорттук жайлардын бири болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: