Сузакта 20 үйдүн короосун сел каптады
Кечээ, 4-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жааган жаандын кесепетинен үйдүн короолорун сел каптаган.
ӨКМдин облустагы башкармалыгы кабарлагандай, сел суулары Төш айылындагы 20 турак үйдүн короосун каптаган. Анын ичинен 2 турак үйдүн кампасына жана 4 турак үйдүн сарайына сел суусу кирген.
Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине 21 куткаруучу, 3 мотопомпа, жарандык коргонуу кызматтарынан 42 кызматкер жана жергиликтүү тургундар тартылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:38
2026-06-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















