Бишкекте Кыргыз-Беларусь бизнес форуму өтүүдө

Бүгүн, 5-июнда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясы бизнес-форумдун аянтчасына айланды. Бул жерде Кыргыз-Беларусь бизнес форуму өтүп жатат.
Иш-чара Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулду.
Форум аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Александр Турчин баштаган делегациянын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өткөрүлүүдө.

Беларусь тараптан делегациянын курамында Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү жана экономиканын ар кандай тармактарында иш алып барган 40ка жакын ири компаниянын өкүлдөрү бар.
Форумдун негизги максаты - Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат.

Ошондой эле иш-чара эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана кооперациялык байланыштарды чыңдоого шарт түзөт.
Тараптар келечекте соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана өнөр жай, айыл чарба, логистика сыяктуу тармактарда кызматташтыкты активдештирүүнү пландаштырууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















