15-июнда Супержаңы ай байкалат: Бул кубулуш эмнеси менен өзгөчө?
15-июнда асманда сейрек кездешүүчү астрономиялык көрүнүш - Супержаңы ай (Суперноволуние) байкалат. Бул тууралуу Баку шаарынын мамлекеттик университетинин астрофизика кафедрасы жарыялап чыкты.
Маалыматка ылайык, бул кубулуш Айдын жаңы ай фазасы менен анын Жерге эң жакын чекити – перигейден өтүшү дээрлик бир убакта дал келгенде пайда болот.
15-июнда Баку убактысы боюнча саат 03:19да Ай перигей чекитинен өтүп, Жерден 357 миң 195 чакырым аралыкта болот. Ал эми саат 06:56да жаңы Ай фазасына кирет. Эки окуянын ортосундагы айырма болгону 3 саат 37 мүнөттү түзгөндүктөн, астрономдор бул көрүнүштү "Супержаңы ай" деп аташат.
Адистердин айтымында, акыркы жылдардагы эң жакын Супержаңы айлардын бири 2023-жылдын 22-январында катталган. Анда Ай Жерге 356 миң 568 чакырымга чейин жакындаган.
Супержаңы ай учурунда Ай көрүнбөгөнү менен, анын Жерге жакын жайгашуусу деңиздеги толкундардын күчөшүнө жана башка табигый процесстерге таасир этиши мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















