super.kg logo

ЖЫЛНААМА: "Тагдырдын тамашасындагы" ролу менен таанылган Барбара Брыльска 85 жашка толду

 

Бүгүн, 5-июнда Совет доорунун эң белгилүү актрисасы, "Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!" тасмасындагы Надянын ролу аркылуу белгилүү болгон Барбара Брыльска 85 жашка толду. Актриса 1941-жылы Польшанын Лодзь шаарына жакын Скотники деген жерде төрөлгөн.

Ал бала кезинен эле чыгармачылыкка кызыгып, сүрөт тартууну жактырган. Бирок кийинчерээк көркөм сүрөт академиясына эмес, театралдык окуу жайга тапшырып, аны 1967-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Барбара Брыльска СССР киносуна 1975-жылы 1-январда "Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!" тасмасына тартылуу үчүн келип, ошону менен советтик актриса болуп калган. Тасма жарыкка чыккандан кийин 31 жыл бою актриса тасмадагы имиджин өзгөрткөн эмес. Ал 70тей тасмага тартылып, бирок бири да "Тагдырдын тамашасы" тасмасындай атак бере алган эмес.
Ошол эле учурда анын СССРдеги популярдуулугу Польшада тескерисинче тоскоолдук жараткан. Тасма мекенинде жылуу кабыл алынбай, актрисаны жаңы ролдорго азыраак чакыра башташкан. Буга карабастан ал кино жана театр тармагындагы ишин улантып, ондогон тасмаларга тартылган.
2007-жылы Барбара Брыльска "Тагдырдын тамашасы. Уландысы" тасмасында кайра эле Надежданын ролун жараткан.
Актриса СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (1977), Польшанын "Кайра жаралуу" ордени (1985), "Сулуулук иконасы" (2008) жана башка сыйлык, наамдарга ээ болгон.
Актрисанын жеке жашоосу да оңой болгон эмес. Ал үч жолу турмушка чыгып, оор сыноолорду башынан өткөргөн. Эң чоң кайгысы 1993-жылы кызынын жол кырсыгынан каза болушу болгон. Бул окуядан кийин ал узак убакыт өзүнө келе албай, депрессияда жүргөнүн айткан. Депрессиядан чыгууга ага уулу жардам берген.
Акыркы жылдары Барбара Брыльска экрандан алыстап, Варшаванын четинде жакындары менен жашап келет.

5-июнга карата жылнаама.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: