Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү белгиленди
Ош шаарында 5-июнь – Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө арналган иш-чара өттү. Жыйынга шаар мэриясынын өкүлдөрү жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэрдин орун басары Эрнис Толтоев өз сөзүндө экологияны коргоо ар бир жарандын жоопкерчилиги экенин белгилеп, акыркы жылдары Ош шаарында жашылдандыруу жана экологиялык абалды жакшыртуу багытында масштабдуу иштер жүрүп жатканын айтты.
“Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында шаарда олуттуу иштер аткарылды. 2026-жылдын жаз айларында:
* 90 миңден ашык көчөт жана 560 миңден ашык гүл отургузулду;
* 38,6 гектар жашыл аймак түзүлдү;
* 133 чакырымдан ашуун ирригациялык тармак тазаланды;
* Ак-Буура дарыясынын 11 чакырымдан ашуун нугу иретке келтирилди;
* 8 мурдагы көрүстөн рекультивацияланып, жаңы жашыл зоналар түзүлдү;
* таштандыларды сорттоо пункттары жана үкөктөр орнотулду.
Ошондой эле таштандыны кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүүчү заманбап завод куруу долбоору да талкууланды. Ал ишке ашса, күнүнө 850 тонна таштанды иштетилип, 30 мегаватт электр энергиясы өндүрүлмөкчү.
Бул долбоор экологиялык маселелерди чечүү менен бирге жаңы жумуш орундарын түзүүгө да шарт түзөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















