super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров жаш футболчу менен жолугушту (сүрөт)

 

Президент Садыр Жапаров 6-июнда Кыргызстан менен Палестинанын курама командаларынын жолдоштук беттеши алдында 11 жаштагы футболчу Нурсейит Абдыев жана анын апасы Рыскул Ашырапкулова менен жолугушту.

Нурсейит Абдыев Бишкекте жашайт, №60 орто мектебинде окуйт. "Дордой" клубунун балдар командасында машыгып, футбол менен активдүү алектенет, ошол эле учурда сүрөт тартууга да кызыгат.

Апасынын айтымында, Нурсейит бул жолугушууну үч жыл күткөн жана президент менен сүйлөшүп жатканда абдан толкунданып турду.

Президент жаш футболчуга белектерди тапшырып, окуудагы жана спорттогу ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: