Президент: “Чек ара маселесинин чечилиши Кыргызстанга БУУдагы жеңишти алып келди”
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө 142 мамлекеттин колдоосу менен шайланып, тарыхый ийгиликке жетишти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан бул жеңишке жетүү үчүн акыркы эки жыл ичинде дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен активдүү дипломатиялык иштерди жүргүзгөн.
Президент ошондой эле коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелеринин тынчтык жолу менен чечилиши эл аралык коомчулуктун ишенимин арттырган маанилүү факторлордун бири болгонун белгиледи.
Садыр Жапаровдун маалыматына ылайык, Кыргызстан Коопсуздук кеңешиндеги ишмердүүлүгүнүн алкагында БУУнун Уставын жана уюмдун иш механизмдерин заман талабына ылайык жаңылоо боюнча сунуштарды даярдоодо. Анын ичинде БУУнун чечимдеринин аткарылышын күчөтүү жана эл аралык санкцияларды уюмдун чечими аркылуу гана киргизүү демилгелери бар.
Президент өлкөдө адам укуктары жана сөз эркиндиги сакталып жатканын белгилеп, мыйзамдуулук менен жоопкерчилик принциптери мындан ары да бекемделерин айтты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















