Ак-Талаа районунда сел каптаган жол тазаланып, каттам ачылды
Ак-Талаа районунда сел каптаган Баетов–Макмал унаа жолу тазаланып, каттам ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы маалымдады.
Ага ылайык, кечээ аталган жолдун 14–16-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун айрым тилкелерин жууп кеткен.
Учурда жеринде жолду калыбына келтирүү жана сел калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле суунун агымын туура багыттоо жана буруу иштери аткарылууда.
БАЕТОВ–МАКМАЛ УНАА ЖОЛУ АЧЫЛДЫ
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:05
2026-06-08
16:04
2026-06-08
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















