Арменияда парламенттик шайлоо өтүп жатат
Арменияда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө кезектеги парламенттик шайлоодо добуш берүү башталды.
Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, өлкөдө добуш берүү укугуна ээ болгон жарандардын саны 2 миллион 485 миң 851 адамды түзөт.
Өлкө боюнча жалпысынан 2005 шайлоо участогу ачылды.
Шайлоого 16 партия жана эки саясий блок катышууда. Парламентке өтүү үчүн партиялар үчүн 4 пайыздык босого белгиленген. Армениянын БШКсы шайлоонун акыркы жыйынтыктарын жети күндүн ичинде жарыялайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:14
2026-06-08
16:35
2026-06-08
15:45
2026-06-08
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















