Чад өлкөсүндө дыйкандар менен фермерлердин ортосунда чыр чыкты
Борбордук Африкада жайгашкан Чад өлкөсүндө дыйкандар менен фермерлердин ортосунда чыккан жаңжалдын кесепетинен 11 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына таянып, "Синьхуа" басылмасы жазды.
Окуя Чыгыш Майо-Кеби провинциясынын Ким супрефектурасына караштуу бир нече айылда болгон. Буга бир короо мал дыйкандын айдоо жерин талкалап кеткени себеп болгон.
Окуяда дагы беш адам жаракат алып, бир нече айылдагы үйлөр өрттөлгөн.
Чадда жер маселесине байланыштуу дыйкандар менен фермерлердин ортосундагы кагылышуулар көп катталат. Өлкөнүн Коомдук коопсуздук жана иммиграция министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, 2024–2025-жылдары мезгил-мезгили менен болуп турган жамааттар аралык жаңжалдардын натыйжасында 3 миңден ашык адам каза болуп, дагы 3 миңдей жаран жабыркаган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















