Ысык-Көлдө сел агызып кеткен жаран көлдөн изделүүдө
ӨКМ Ысык-Көл районунда селдин кесепетинен дайынсыз болуп жаткан жаран көлдөн да изделип жатканын кабарлады.
Ага ылайык, ӨКМдин суучулдары 1 моторлуу кайык, 1 кеме менен көлдүн астынан да издөө-куткаруу жумушун жүргүзүүдө.
Аталган аймактагы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жалпы 159 адам, 39 техника тартылган.
Эске салсак, 5-июнда Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда сел жүргөн. Анын кесепетинен 2 унааны жана 2 жаранды ылай басып калган. ӨКМ бир жарандын сөөгү табылып, экинчисин издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканын кабарлаган.
Сел агызып кеткен жаран Ысык-Көлдөн да изделүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















