Кара-Сууда 225 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилди (сүрөттөр)
Бүгүн, 8-июнда президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы “Асман Резиденс" турак жай комплексинде курулган ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу аземине онлайн старт берди.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө башчысы ар бир жаран үйлүү болорун убадалады.
225 батирлүу көп кабаттуу үй 5 блок, 5 кабаттан турат. Алар:
1 бөлмөлүү - 50 даана;
2 бөлмөлүү - 125 даана;
3 бөлмөлүү - 50 даана.
Учурда дагы 1,95 гектар аянтка кошумча 5 кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүп жатканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















