super.kg logo

"Амели" тасмасындагы белгилүү француз актрисасы Одри Тоту Бишкекке келди

 
Өлкөгө француз актрисасы Одри Тоту келди. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 7-июнда борбор калаада IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чаранын ардактуу конокторунун катарында дүйнөгө белгилүү француз актрисасы Одри Тоту жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү актёр Догдурбек Кыдыралиев да болду.
Фестивалга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышып, өз сөздөрүндө кино өнөрүнүн маданий байланыштарды чыңдоодогу жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанисине токтолушту.
Салтка айланган көк килеми аркылуу фестивалдын ардактуу коноктору, белгилүү актёрлор, режиссёрлор, продюсерлер жана эл аралык калыстар тобунун мүчөлөрү өтүштү. Бул жылы фестивалга дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген кино ишмерлери катышып, борбор калаа чыныгы кино борборуна айланды.
IV Бишкек эл аралык кинофестивалы 12-июнга чейин уланып, кино сүйүүчүлөр үчүн мазмундуу жана кызыктуу программа тартуулайт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: