Президент кайсы мезгилде жашап жатканыбызды айтты
Өлкө башчы Садыр Жапаров Ош шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынган көп кабаттуу батирлерди ээлерине тапшыруу аземине катышты.
"Ишти билбеген сындайт, колунан келбеген ката издейт". Карагылачы, кандай таамай айтылган сөз. Бүгүн биз ошол Конфуцийдин сөзүнө дал келген мезгилде жашап жатабыз. Кемчиликтер бар, жок дебейбиз. Баары жипке тизгендей эмес. Бирок көч бара-бара түзөлөт",- деди мамлекет башчы.
Айта кетсек, МИК курган үйлөрдүн сапаты боюнча коомчулукта сындар айтылып келет. Май айынын башында Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов Каракол шаарында жамгырдан улам суу каптаган МИКтин үйлөрүн сынга алган.
Президент МИКтин үйлөрүнө айтылган сындарга эмне деп жооп берди?
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:54
2026-06-08
18:05
2026-06-08
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















