Кызыл китептеги жаныбарларды аткандарга 2 миллионго чейин айып пул каралган
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөдө мыйзамсыз аңчылык кылуу жана сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды аткандарга ири өлчөмдөгү айыптар каралганын эскертти.Маалымдалгандай, Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды аткандар үчүн айып пулдардын өлчөмү төмөндөгүчө каралган:
- Илбирс – 2 миллион сом;
- Аркар-кулжа, марал, күрөң аюу, жейрен – 1 миллион 500 миң сом;
- Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн – 50 миң сом.
Министрлик жарандарды мыйзамсыз аңчылык фактылары боюнча 108 номерине кабарлоого чакырат.
Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандарга 2 миллионго чейин айып каралган
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:54
2026-06-08
18:05
2026-06-08
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















