Америкада курьер болуп иштеген экс-депутаттын видеосу тарады (видео)
Интернет желесинде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров АКШда курьер болуп иштеп жатат деген видео тарады.
Видеодон анын унаанын багажына буюмдарды жүктөп жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле анын АКШдагы Amazon компаниясында курьер болуп иштеп жатканы тууралуу айтылат.
Көпчүлүк интернет колдонуучулары Кочкоровду ак эмгек кылып жатат деп макташса, айрымдары анын мурдагы мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгүн эске салышты.
Айта кетсек, Улукбек Кочкоров V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого да катышкан. 2018-жылы Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалган.
2020-жылы Кочкоров министрлик кызматтан бошотулган.
Америкада курьер болуп иштеген экс-депутаттын видеосу тарады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:54
2026-06-08
18:05
2026-06-08
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















