Кыргызстан менен Кипрдин тышкы иштер министрлери жолугушту
Бүгүн, 8-июнда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өлкөбүзгө алгачкы расмий сапар менен келген Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
ТИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда Кулубаев кыргыз тарап соода-экономикалык, инвестициялык, билим берүү жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин белгиледи. Туризм тармагындагы эки өлкөнүн тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдарлык билдирилди.
Өз кезегинде Кипрдин тышкы иштер министри Кыргызстанды 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Кипрдин 2026-жылдын биринчи жарымындагы Европа Биримдигиндеги төрагалыгынын алкагында Кыргызстандын ЕБ менен кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, ЕБинин Кыргызстандагы социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашырууга, демократиялык институттарды чыңдоого, адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана туруктуу өнүгүү жаатында көрсөткөн колдоосуна жогору баа берди.
Ошол эле учурда Кулубаев ЕБинин санкциялык саясаты Кыргызстандын соода-экономикалык жана каржы өнүгүүсүнө мүмкүн болуучу терс таасирине тынчсыздануусун билдирип, ачык диалог жүргүзүүгө кыргыз тарап даяр экенин баса белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2027-2028-жылдарга карата кызматташтык программасына кол коюлду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















