Министр “Алтай” шаарчасындагы курулуштун жүрүшү менен таанышты (видео)
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынын “Алтай” шаарчасындагы курулуштун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу 8-июнда министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, министр объекттеги курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын жана белгиленген графиктин аткарылышын күн сайын көзөмөлдөп турууну тапшырды. Жооптуу адистер тарабынан үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп, аткарылган иштер тууралуу өз убагында отчёттор берилип турушу зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары Орунтаев батирлерди сатууну курулушу башталып активдүү жүрүп жаткан блоктордо гана жүргүзүү талабын койду.
Белгилей кетсек, “Алтай” шаарчасы – 234 гектар аянтты ээлеген турак жай жана социалдык инфраструктураны камтыган ири масштабдагы долбоор. Долбоордун алкагында жалпы 1551 беш кабаттуу көп батирлүү турак үй куруу пландалган. Жалпысынан ар түрдүү планда 34 миң батир каралып, курулуштун жалпы аянты 1 миллион 7 миң чарчы метрден ашат. Долбоорго ылайык, шаарчанын аймагында билим берүү, саламаттык сактоо жана коомдук коопсуздук объекттери курулат.
Министр “Алтай” шаарчасындагы курулуштун жүрүшү менен таанышты
0

Супер-Инфо
super.kg видео















