super.kg logo

Мурдагы "Аккула" ипподромунун аймагында 26 миң батирлүү турак жай курулууда (видео)

 

Бишкек шаарында “Royal Central Park” көп функционалдуу комплексиндеги көп кабаттуу турак жайдын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш министри Нурдан Орунтаев курулуштун жүрүшү менен таанышып, сапатына, шаар куруу жана курулуш талаптарынын так сакталышына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Долбоорго ылайык, жалпы 39 блок жана 26 миң батир каралган. Турак жай комплексинин биринчи этабы 29 кабаттан турган беш блокту камтыйт. Учурда объекттин биринчи этабына кирген 5 блок боюнча жер казуу иштери толугу менен аяктаган. Ал эми 2 блокто монолиттик иштер улантылууда

Белгилей кетсек, “Royal Central Park” мурдагы "Аккула" ипподромунун аймагында ишке ашырылып жаткан ири шаар куруу долбоорлорунун бири болуп саналат.






Мурдагы Ак-Кула ипподромунун аймагында 26 миң батирлүү турак жай курулууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: