АКШ соту Трамптын чет элдиктерге байланыштуу чечимин мыйзамсыз деп тапты
АКШнын федералдык соту президент Дональд Трамптын администрациясы тарабынан H-1B визасына арыздар үчүн салынган милдеттүү 100 миң долларлык төлөм мыйзамсыз деп чечим чыгарды.
Чет элдик басылмалар жазышкандай, сот 2025-жылдын сентябрында күчүнө кирген бул чарага каршы 20 штат тарабынан берилген доо арызды канааттандырган.
Айта кетсек, 1990-жылы Конгресс тарабынан түзүлгөн H-1B программасы компанияларга адистештирилген тармактарда чет элдик адистерди алты жылга чейин жалдоого мүмкүндүк берет. Жылдык квота 65 миң визаны, ошондой эле жогорку билимдүү адамдар үчүн 20 миң визаны түзөт. Жумуш берүүчүлөр үчүн учурдагы төлөмдөр, адатта, 1700 доллардан 4500 долларга чейин.
Трамп өткөн жылы АКШдан тышкары жашаган бардык жумушчуларга кошумча 100 миң доллар төлөмдү киргизүү жарлыгына кол койгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















