super.kg logo

“Кызымдын жанында боло албаганыма өкүнөм”. Мухтар Жакишев кызынын үлпөт тою тууралуу айтты

 

Казакстанда быйылкы эң көп талкууланган үлпөт тойлорунун бири өткөндөн кийин ишкер Мухтар Жакишев өзүнүн эң чоң өкүнүчү тууралуу айтып берди.

Мурдагы "Казатомпром" компаниясынын жетекчиси Instagram баракчасында кызы Алтынай Жакишеванын тою ал үчүн өзгөчө мааниге ээ болгонун жазды. Ал кызы оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан учурда жанында боло албаганына өкүнөрүн белгиледи. Ошондой эле түрмөдө отургандыктан улуу кызы Айгеримдин тоюна да катыша албай калганын айтты.

Ал кезде колумдан келген жалгыз нерсе - өз атымдан куттуктоо сөзүн жөнөтүү эле. Бүгүн болсо баары башкача. Кызымдын тоюн өзүм өткөрүп, ушул маанилүү күнү ага жылуу сөздөрдү өзүм айта алганым - чоң бакыт”,- деп жазды Жакишев.

Анын айтымында, камакка алынганда Алтынай тогуз жашта болгон. Эркиндикке чыккан учурда кызы 20 жашка чыгып калган. Үй-бүлөгө болгон басымдан улам Алтынай атасынан алыста, башка өлкөдө жашоого аргасыз болгон.

Жакишев ошондой эле кызы менен анын жолдошу Карл Оби алты жылдан бери тааныш экенин, ал эми эки жыл мурда Алматы шаарында үйлөнүү сунушу жасалганын билдирди.

Мен макулдугумду бердим. Карл мага жагат. Анын адеп-ахлактык баалуулуктары туура жана алдына койгон максаттары чоң. Бирок эң негизгиси - ал кызымды чын жүрөктөн, терең жана назик сүйөт”,- деди ал.

Эске салсак, Мухтар Жакишев 2020-жылы 11 жылдык абак мөөнөтүнөн кийин эркиндикке чыккан. Алтынайдын эл аралык үлпөт тою Алматыдагы Abay Restaurant ресторанында өтүп, ага көптөгөн белгилүү казакстандык ишкерлер жана миллионерлер катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: